Керимбаев Асанкалый

主播:听友19810119 播放:437最近更新: 2022-08-04

Асанкалый - Жалал-Абад облусу Аксы районунун Рянжит айылында 1950-жылы (1950–1999) 7-февралда туулган. Обончу, ырчы. 1967–1969-жж. Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштөө менен чыгармачылык жолун баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1974–1984-жж. Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген. 100гө жакын обондун автору. Анын «Муңдашым мунар кайдасың», «Кусалык», «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат», «Сулуулар», «Ак булуттар» жана башка ондогон обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты. 1976-жылы Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук фестивалынын жана республикалык бир топ кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон. 2004-жылы анын Р.Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирдикте «Үч кайнар» аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы берилген.


节目列表
正序 | 倒序